Жаңылыктар


 

Имаратты капиталдык ремонттоо жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү боюнча Коом сынак өткөрүүдө

 

Сынактын документациясын берүү 2024-жылдын  3-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү 97.

Сынактык сунуштарды кабыл алуу 2024-жылдын "06" июнунда 17:00 саатта аяктайт.

Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Бардык уюштуруу маселелери боюнча техникалык координаторго телефон аркылуу кайрылсаңыз болот: (03722) 2 05 32; (0701) 340 634 же электрондук почта: jalalabat@rui.kg.

2024-жылдын 04-мартында


Эркин акча каражаттарын 20,0 млн.сомго чейинки суммадагы, 12 айлык мөөнөткө салымга (депозитке) жайгаштыруу зарылчылыгына байланыштуу, "Кыргыз инкассациясы" ЖАК республиканын коммерциялык банктарынан аларды жайгаштыруу боюнча коммерциялык сунуш берүүнү өтүнөт:

Салымды (депозитти) жайгаштыруунун милдеттүү шарттары:

а) келишимде көрсөтүлгөн коомдун алыш-бериш эсебине пайыздарды ай сайын төлөө;

б)банктык салым (депозит) келишиминин колдонуу мөөнөтү ичинде пайыздык ставкасын бир тараптуу төмөндөтүү жагына өзгөртүүнүн мүмкүн эместиги;

Коммерциялык сунушта төмөнкү маалыматты берүүнү суранабыз:

а) депозит боюнча 12 айлык мөөнөткө сунушталган пайыздык ставкасы.

б)Улуттук банк тарабынан депозиттерди (салымдарды) тартуу жагында чектөөлөрдүн болушу/жоктугу;

в) коомдун мурда жайгаштырылган депозиттери боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз фактыларынын жоктугу;

г) каражаттарды жайгаштыруу учурунда банктын иши туруктуу (төлөөгө жөндөмдүү) болууга тийиш.

Арыз берүү мөөнөтү: 2024-жылдын 07-мартына чейин.

Арыздарды кароо "КЫРГЫЗИНКАС" ЖАК комиссиясы тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Токтогул көч. 96-6 батир.

Сураныч, сунуштарды электрондук материалдар түрүндө төмөнкү электрондук почталарга жөнөтүңүз - kkylychev@rui.kgnisykeev@rui.kg, түп нускаларын жогоруда көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүү менен (зарыл болсо). Түшүндүрүү үчүн тел.: 624 414 жана 624 342.








2022-жылдын 15-сентябрында

Инкассация кызматтарынын эл аралык кызматташтыгынын алкагында 2022-жылдын 12-13-сентябрында,  Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен "Кыргыз инкассациясы" ЖАКнун тарабынан уюштурулган "Заманбап шарттардагы КМШ өлкөлөрүндө инкассацияны өнүктүрүүнүн перспективалары" темасында конференциясы болуп өттү.

Конференцияга алдыңкы инкассация кызматтарынын жетекчилери катышты:

- Россиянын "РОСИНКАС"бирикмеси;

- "КАЗИНКАС"инкассация кызматы;

- "НКФО Белинкасгрупп"ААК;

- "Республикалык инкассация кызматы" УР УБ РИК;

- "Арарат инкассация" ЖАК;

- "Кыргыз инкассациясы" ЖАК;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;

- "Атайын транспорт кызматы" ЖАК.