Кыргыз инкассациясы



"Кыргыз инкассациясы" Жабык акционердик коомунун (мындан ары – ЖАК) расмий сайтына кош келиңиздер. Биздин сайтта "Кыргыз инкассациясы" ЖАК жөнүндө, анын ичинде Кыргыз Республикасындагы инкассациянын тарыхы жөнүндө маалымат берилген. Ошондой эле бул жерден сиздер акыркы жаңылыктарды билип, кызматтардын тизмеси, биздин өнөктөштөр жана кардарлар менен тааныша аласыздар.

"Кыргыз инкассациясы" ЖАК (мындан ары- "Кыргызинкас" ЖАК же Коом) 2015-жылдын декабрында "Республикалык инкассация башкармалыгы" мамлекеттик ишканасын өзгөртүп түзүү жолу менен түзүлгөн. Коом Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын 100% акцияларына ээлик кылган туунду компаниясы болуп саналат. Коом баалуулуктарды ташуу жана чогултуу боюнча кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн.

"Кыргызинкас" ЖАК накталай акчаларды инкассациялоо жана ташуу, заказчынын өкүлү менен баалуулуктарды коштоо, накталай акчаларды кабыл алуу/берүү боюнча банкоматтарды жана башка техникалык түзүлүштөрдү тейлөө боюнча кесипкөй кызматтарды сунуштайт.

"Кыргызинкас" ЖАК өлкөдөгү накталай акчаларды жана баалуулуктарды ташуучулардын бири болуп саналат. Коомдун кызматкерлери-бул жогорку кесипкөй, жоопкерчиликтүү жана даярдалган адистердин командасы. Коомдун инкассаторлору күжүрмөн автоматтык куралдар менен куралданган, заманбап байланыш каражаттары, атайын каражаттар менен жабдылган.автотранспортто, анын ичинде брондолгон техникада.

Биз ташыган бардык баалуулуктар, ошондой эле кызматкерлердин, анын ичинде үчүнчү жактардын өмүрү жана ден соолугу Кыргызстандын алдыңкы камсыздандыруу компанияларында толук көлөмдө камсыздандырылган.

Республиканын бардык аймагындагы коммерциялык банктар, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы, ошондой эле бир катар ири компаниялар биздин кардарлар болуп саналат.

"Кыргызинкас" ЖАКнун филиалдарынын тармагы өлкөнүн бардык аймагын камтыйт. Кайсы гана калктуу пункт болбосун, биз кардарларыбызга баалуулуктарды инкассациялоо жана жеткирүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө даярбыз.