Кызматтар жана тарифтер


"Кыргызинкас" ЖАК тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар

Коомдун ишинин негизги максаты коммерциялык банктарга, башка финансы-кредиттик мекемелерге, ошондой эле юридикалык жана жеке жактарга акча каражаттарын жана башка баалуулуктарды инкассациялоо жана ташуу боюнча акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.

Коомдун негизги иш-жүргүзүүсү:

  • Кыргыз Республикасынын бардык региондору боюнча акча каражаттарын (улуттук жана чет өлкөлүк валюталарды) инкассациялоо аларды банктардын тиешелүү мекемелерине же кардар көрсөткөн кайсы болбосун чекитке жеткирүү;
  • акча каражаттарын, баалуу металлдарды, төлөм документтерин, баалуу кагаздарды жана башка баалуулуктарды ташуу;
  • заказчынын өкүлдөрүн акча каражаттары жана башка баалуулуктар менен куралдуу коштоо;
  • инкассациялоо жана банкоматтарды, төлөм терминалдарын тейлөө ж. б.;
  • баалуулуктарды жооптуу сактоодо убактылуу сактоо;
  • иштин башка түрлөрү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мыйзамдарда белгиленген функцияларын аткарууну камсыз кылуучу түрлөрү.
  • иштин төмөнкү түрлөрүн өздөштүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө:
  • кардарлардын накталай акчаларын эсептөө жана сорттоо;
  • объекттерди коргоо;
  • кызматкерлерди кесиптик даярдоо түрүндөгү билим берүү ишмердүүлүгү;

Баалар:

Тарифтик баалары базалык болуп саналат жана чыгымдардын негизинде аныкталат. Акыркы тариф төмөнкүдөй белгилүү параметрлерди эске алуу менен белгиленет: жүрүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү, маршрут боюнча инкассация чекиттеринин саны, аралык жана сутканын убактысы, ошондой эле ташылуучу баалуулуктардын суммасы. Бардык акыркы тарифтер Келишимдүү.

Тарифтерди белгилөөнүн бардык маселелери боюнча (0312) 320 324, 624 414 телефондору боюнча кайрылуу керек.