2022-жылдын 15-сентябрында
Инкассация кызматтарынын эл аралык кызматташтыгынын алкагында 2022-жылдын 12-13-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын колдоосу менен "Кыргыз инкассациясы" ЖАКнун тарабынан уюштурулган "Заманбап шарттардагы КМШ өлкөлөрүндө инкассацияны өнүктүрүүнүн перспективалары" темасында конференциясы болуп өттү.
Конференцияга алдыңкы инкассация кызматтарынын жетекчилери катышты:
- Россиянын "РОСИНКАС"бирикмеси;
- "КАЗИНКАС"инкассация кызматы;
- "НКФО Белинкасгрупп"ААК;
- "Республикалык инкассация кызматы" УР УБ РИК;
- "Арарат инкассация" ЖАК;
- "Кыргыз инкассациясы" ЖАК;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы;
- "Атайын транспорт кызматы" ЖАК.