2024-жылдын 04-мартында

Эркин акча каражаттарын 20,0 млн.сомго чейинки суммадагы, 12 айлык мөөнөткө салымга (депозитке) жайгаштыруу зарылчылыгына байланыштуу, "Кыргыз инкассациясы" ЖАК республиканын коммерциялык банктарынан аларды жайгаштыруу боюнча коммерциялык сунуш берүүнү өтүнөт:

Салымды (депозитти) жайгаштыруунун милдеттүү шарттары:

а) келишимде көрсөтүлгөн коомдун алыш-бериш эсебине пайыздарды ай сайын төлөө;

б)банктык салым (депозит) келишиминин колдонуу мөөнөтү ичинде пайыздык ставкасын бир тараптуу төмөндөтүү жагына өзгөртүүнүн мүмкүн эместиги;

Коммерциялык сунушта төмөнкү маалыматты берүүнү суранабыз:

а) депозит боюнча 12 айлык мөөнөткө сунушталган пайыздык ставкасы.

б)Улуттук банк тарабынан депозиттерди (салымдарды) тартуу жагында чектөөлөрдүн болушу/жоктугу;

в) коомдун мурда жайгаштырылган депозиттери боюнча мөөнөтүндө төлөнбөгөн карыз фактыларынын жоктугу;

г) каражаттарды жайгаштыруу учурунда банктын иши туруктуу (төлөөгө жөндөмдүү) болууга тийиш.

Арыз берүү мөөнөтү: 2024-жылдын 07-мартына чейин.

Арыздарды кароо "КЫРГЫЗИНКАС" ЖАК комиссиясы тарабынан төмөнкү дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Токтогул көч. 96-6 батир.

Сураныч, сунуштарды электрондук материалдар түрүндө төмөнкү электрондук почталарга жөнөтүңүз - kkylychev@rui.kg, nisykeev@rui.kg, түп нускаларын жогоруда көрсөтүлгөн дарекке жөнөтүү менен (зарыл болсо). Түшүндүрүү үчүн тел.: 624 414 жана 624 342.

Бардык укуктар корголгон